Сугат суу жана ирригация системалары жаңыланат

Коом 345 22 Июнь 2026 12:05
WhatsApp Image 2026-06-19 at 20.45.12.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-19 at 20.45.16.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-19 at 20.45.14 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-19 at 20.45.14.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-19 at 20.45.13.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-06-19 at 20.45.12.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-19 at 20.45.16.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-19 at 20.45.14 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-19 at 20.45.14.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-19 at 20.45.13.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чраба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Дүйнөлүк банктын Планета багыты боюнча вице-президенти Гуанчжэ Чэн менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын келечеги үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон төмөнкү маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, суу чарба инфраструктурасын модернизациялоо жана эскирген ирригациялык тутумдарды (арык, каналдарды) жакшыртуу, калкты коопсуз жана сапаттуу таза ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси.

Ошондой эле айыл чарба тармагын жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого өзгөчө көңүл бурулду.

Эрлист Акунбеков Дүйнөлүк банкты өлкөдөгү стратегиялык реформаларды ишке ашырууда жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууда негизги жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири катары баалай турганын өзгөчө белгиледи.

Жолугушуунун соңунда эки тарап тең кызматташтыкты мындан ары тереңдетип, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган жаңы, масштабдуу демилгелерди тезинен ишке ашырууну макулдашышты.