Сугат мезгилинде Кыргызстан Казакстанга 580 млн куб метр суу берет

Экономика Загрузка... 28 Апрель 2025 12:41
1029374342_44_0_1000_541_1920x0_80_0_0_1cdedb31d4aab7b439f0295f0e4725e5.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Казакстанда Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык суу чарба объекттерин пайдалануу боюнча Кыргызстан менен Казакстандын комиссиясынын 35-жыйыны болуп өттү.

Кыргыз делегациясын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жетектеди, ал эми Казакстандык делегацияны суу ресурстары жана ирригация вице-министри Нурлан Алдамжаров жетектеди.

Тараптар Чүй жана Талас дарыяларында мамлекеттер аралык пайдалануу объектилерин биргелешкен каржылоо жөнүндө жана бир катар башка маселелер талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында комиссиянын 35-отурумунун протоколуна кол коюлду. Ага ылайык, Кыргызстан 2025 — жылдын сугат мезгилинин алкагында Казакстанга 580 млн м3 суу жиберет (Талас дарыясы боюнча 400 млн м3 суу, Чүй дарыясы боюнча дагы 180 млн м3 суу берилет).