Ысык-Атадагы Туз айылынын сугат суу маселеси чечилет

Аймак 01 Апрель 2026 15:10
659773681_122208021944341273_6760805142833046819_n.jpg
661951417_122208022490341273_7655721273604131270_n.jpg
660284234_122208022424341273_5022031258948237221_n.jpg
660278448_122208022226341273_1093552359013733518_n.jpg
660135660_122208021914341273_622938140339766506_n.jpg
658986310_122208021782341273_3361875830728604054_n.jpg
659908254_122208021806341273_5106388365171304877_n.jpg
660467032_122208022190341273_4725599632840744424_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелде Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Туз айылында Туз декадалык жөнгө салуу бассейнинин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Туз декадалык жөнгө салуу бассейни 1987-жылы пайдаланууга берилген. Реконструкциялоого чейин анын суу топтоо кубаттуулугу 800 миң куб метрди түзүп келген. Реконструкция иштеринен кийин бассейндин сугат суусун топтоо мүмкүнчүлүгү кыйла көбөйүп, 1 млн 947 миң куб метрге жетет.

Бул бассейн суу тартыш болгон мезгилде Туз айылынын 1300 гектар сугат жерин суу менен камсыздайт. Ал эми суу мол болгон учурларда Чоң-Далы жана Сары-Жон айылдарынын кошумча 1100 гектар сугат жерине да суу берилет.

Министр Эрлист Акунбеков долбоордун аймак үчүн маанисин белгилеп, ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо жана айыл чарбасын колдоодо негизги багыттардын бири экенин айтты.

"Бул суу сактагычтын реконструкциядан өтүшү аймактагы дыйкандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Сугат суу менен камсыздоо жакшырып, жерлердин түшүмдүүлүгү жогорулайт. Натыйжада айыл чарба өндүрүшү көбөйүп, жергиликтүү тургундардын жашоо-шарты да жакшырмакчы", — деди министр.