Бишкек, 12.12.25. Кабар/. Бүгүн, 12-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Мухтар Нургазиев атындагы магистралдык каналынын башкы суу алуу курулмасында мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, эми Шахимардан ирригациялык системасын жаңылоо иштери башталат.
Курулуш иштери Кадамжай районунун 2 айыл аймагын жана 1 шаардык аймакты камтыйт. Жалпы узундугу 35,2 чакырымды түзгөн каналдардын ичинен 25,67 чакырымы толугу менен модернизацияланат.
Долбоор аяктагандан кийин 4435 гектардан ашык айдоо аянттарынын сугат суу менен камсыздалышы жакшырмакчы.
"Аталган жумуштар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашууда",- деп айтылат маалыматта.