Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Жумгал жана Кочкор райондорундагы бир катар ирригациялык каналдар жаңыланып, бетон менен капталууда.
Президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул иштер суунун коромжу болушун азайтып, дыйкандарды сугат суу менен камсыздоону жакшыртууга багытталган.
Учурда Жумгал районундагы узундугу 6 чакырым болгон Бел-Арык каналы толук бетон менен капталды. Ошондой эле Чолок каналынын 1,6 чакырымында иштер аяктады. Таш-Дөбө айылындагы 2 чакырымдык каналды бетондоо уланууда.
Ал эми Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Топон-Арык каналын бетон менен каптоо иштери бүткөрүлдү.
Долбоорлор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.