Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. 2025-жылы президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында активдүү жана көп векторлуу тышкы саясат жүргүздү, - деп билдирет Тышкы иштер министрлиги.
Ведомствонун маалыматына караганда, 11 айдын ичинде жогорку деңгээлдеги 141 жолугушуу жана сапар уюштурулду. Анын ичинен:
- 66 — чет өлкөлөргө;
- 75 — Кыргызстандын ичинде.
Президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, министрлер кабинетинин төрагасынын жана тышкы иштер министринин мамлекеттик, расмий жана жумушчу сапарлары Борбор Азия өлкөлөрү, Кытай, Монголия, Россия, Түркия, АКШ, Египет, Пакистан, Япония жана башка мамлекеттер менен кызматташууну бекемдөөгө багытталды.