Стамбулдагы ТМУ жыйыны: Жакынкы Чыгыш боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды — Кабар

Стамбулдагы ТМУ жыйыны: Жакынкы Чыгыш боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды

Саясат 9 март 2026 10:00
fbb7b1b3-4c84-3821-9353-0882a5213d3b (1).jpeg
b6b28ac2-576d-32b8-a99e-ba66f244cca7.jpeg
dae12519-b6ca-37e3-b4b1-c8af5733789b.jpeg
fbe28f97-21a0-3394-bc11-a5dccb3778e8.jpeg
0ff16b3f-8d71-36c4-be5b-11cbc133a3aa.jpeg
Алдыга
Артка
fbb7b1b3-4c84-3821-9353-0882a5213d3b (1).jpeg
b6b28ac2-576d-32b8-a99e-ba66f244cca7.jpeg
dae12519-b6ca-37e3-b4b1-c8af5733789b.jpeg
fbe28f97-21a0-3394-bc11-a5dccb3778e8.jpeg
0ff16b3f-8d71-36c4-be5b-11cbc133a3aa.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Стамбулда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейформал жыйынына катышты.

ТИМден билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө тышкы саясий мекемелердин башчылары аймактык жана глобалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Дүйнөнүн ар кайсы аймактарында, анын ичинде Жакынкы Чыгышта уланып жаткан чыңалууга, ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жээнбек Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы аймакта чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирип, дароо ок атышууну токтотууга, тараптарды сабырдуулукка чакырып, жаңжалдарды эл аралык укуктун нормаларына жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык жалаң гана тынчтык жана дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга чакырды. Ошондой эле мындан аркы туруксуздашууну болтурбоо үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Министрдин сөзүндө Афганистандагы жана Пакистан – Афганистан чек арасындагы кырдаалга өзүнчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап аймактык коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү фактору катары тынч, туруктуу жана гүлдөп өнүккөн Афганистанга кызыкдар экенин дагы бир жолу тастыктады.

Санкциялар темасы талкууланган учурда бир тараптуу чектөө чаралары дүйнөлүк соодага жана экономикалык байланыштардын туруктуулугуна терс таасирин тийгизери белгиленди. Кыргызстан эл аралык укуктун принциптерин сактоонун зарылдыгын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин алкагынан тышкары бир тараптуу чараларды колдонууга жол берилбеши керектигин баса белгиледи.

Тышкы иштер министрлери ошондой эле ТМУ+ форматындагы кызматташууну институтташтыруу жана тышкы өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында ТМУга мүчө мамлекеттер түрк мейкиндигинде туруктуулукту, туруктуу өнүгүүнү жана гүлдөп-өсүүнү камсыз кылуу максатында ишенимди, тилектештикти жана аракеттерди координациялоону мындан ары да чыңдоого жалпы умтулуусун ырасташты.

ТМУ Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынтыгында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.