Стамбулдагы суу ташкыны Борбор Азияга коңгурообу? Эксперттердин божомолу

16 октябрь 2026 16:30
Стамбулдагы суу ташкыны Борбор Азияга коңгурообу? Эксперттердин божомолу
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Непалдагы 1,5 миңдей адамдын өмүрүн алып кеткен суу ташкындары жана жер көчкүлөр, Түркиянын Стамбул шаарындагы нөшөрлүү жаандын кесепетинен болгон суу каптоолор дүйнөдө табигый кырсыктардын коркунучу күчөп жатканын көрсөтүүдө. Мындай окуялар климаттын өзгөрүшүнүн Борбор Азияга тийгизе турган таасири жана аймактагы климаттык абалдын келечеги тууралуу ой жаратат. Буга эксперттер эмне дешет?

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, 14-октябрда Түркиянын Стамбул шаарында нөшөрлүү жаан ири суу каптоолорго алып келди. Көчөлөр дарыяга айланып, унаалар сууга чөгүп, үйлөрдү жана ишканаларды суу каптады. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза таап, шаардагы транспорт кыймылы олуттуу үзгүлтүккө учурады.

Шаардагы нөшөрлүү жаан шаршемби күнү эртең менен башталып, күн бою жааган. Суунун деңгээли тез көтөрүлүп, бир катар көчөлөрдү, жер алдындагы өтмөктөрдү жана туннелдерди каптаган. Айрым айдоочулар суу баскан жолдордон өтүүгө аракет кылып, унаалары менен камалып калышкан. Суу дүкөндөргө, ишканаларга жана үйлөргө кирип, жергиликтүү тургундар топтолгон сууну өз алдынча чыгарып, мүлкүн сактап калууга аракет кылышкан.

Стамбул шаар бийлигинин маалыматына ылайык, шаарда 1 277 жолу суу каптоо жана 15 жер көчкү катталган. Өзгөчө кырдаалдар кызматтарына аба ырайына байланыштуу 2 518 билдирүү түшкөн. Анын ичинде адамдар үйлөрүндө камалып калган 47 учур, бак-дарактардын кулашы боюнча 13 жана чатырлардын жабыркашы боюнча эки учур болгон. Жалпысынан 808 үй, 280 ишкана жана 76 унаа жабыркаганы кабарланган.

Жаан-чачындын эң көп көлөмү шаардын Бейкоз районуна караштуу Өмерли аймагында катталып, бир чарчы метрге 193,84 килограмм жаан түшкөн. Бул кыска убакытта түшкөн нөшөрдүн көлөмү канчалык чоң болгонун көрсөтөт.

Бийлик кризистик кырдаалдарды координациялоо борборун түзүп, болжол менен 8 миң кызматкерди жана 2 миң техника менен транспорт каражатын тарткан. Коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учурап, автобустардын, метро, трамвай жана метробустардын жүргүнчүлөрү жаандан баш калкалоого аргасыз болушкан. Жолдордогу тыгындын деңгээли кечки маалда болжол менен 90 пайызга жеткен. Кооптуу аба ырайына байланыштуу 15-октябрда шаардагы мектептерде сабактар токтотулуп, мотоциклдердин кыймылына убактылуу чектөө киргизилген.

Бир нече сааттык нөшөрдүн өзү эле ири шаардын жашоосун үзгүлтүккө учуратып, инфраструктуранын алсыз жактарын ачык көрсөттү. Мындай окуялар климаттын өзгөрүшүнүн шартында шаарлардын табигый кырсыктарга канчалык даяр экендиги жана Борбор Азияда ушундай коркунучтардын алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүшү керектиги тууралуу суроолорду жаратат.

Эколог Мирлан Токтобековдун айтымында, аймактагы климаттык жана экологиялык коркунучтардын алдын алуу үчүн жерди, жайыттарды жана суу ресурстарын туура пайдаланууга өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Суу ташкынынын коркунучу

Эколог белгилегендей, узак убакыт жаан жаабай, кургакчылык өкүм сүргөндөн кийин нөшөрлүү жаан жааса, суу топуракка толук сиңбей, жер үстү менен агып, суу ташкынына алып келиши мүмкүн.

“Бизде да кургакчылык көптөн бери байкалып келе жатат. Эгерде нөшөрлөгөн жаан жааса, суу жерге сиңбей, ташкын болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан суу ташкыны көп катталган аймактарда атайын коргоочу курулмаларды куруу зарыл. Тиешелүү мамлекеттик мекемелер жана жергиликтүү бийлик органдары алдын алуу иштерин жүргүзүп, мындай кырсыктарга дайыма даяр турушу керек. Табигый кырсык алдын ала эскертпей келиши мүмкүн”, — деди Мирлан Токтобеков.

Анын пикиринде, коркунучту азайтуу үчүн суу ташкыны көп катталган аймактарда коргоочу курулмаларды куруу, тиешелүү кызматтардын даярдыгын күчөтүү жана алдын алуу чараларын өз убагында жүргүзүү маанилүү.

Жер көчкүлөрдүн алдын алуу

Эколог жер көчкү жана топурак кыртышынын бузулушу сыяктуу коркунучтардын алдын алууда жерди туура пайдалануу, жайыттарды жөнгө салуу жана кен казылган аймактарды калыбына келтирүү өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

“Жерлерди туура пайдалануу, малды жайыттарда иреттүү жаюу жана жер которуп айдоо иштерин жолго коюу зарыл. Ошондой эле кен казган компаниялар ишин аяктагандан кийин жерлерди рекультивациялап, калыбына келтирүүгө тийиш. Кен казылган жерлерге көп жылдык бак-дарактарды жана өсүмдүктөрдү отургузуу аркылуу топурактын жуулуп кетишинин жана жер көчкү коркунучунун алдын алууга болот”, — деди ал.

Токтобековдун айтымында, жердин кунарын сактоо, жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык талаптарды аткаруу табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтууга жардам берет.

“Бул биз үчүн коңгуроо болушу керек. Жерлерибиздин сапатын начарлатпай, алардын кунарын сактап, өлкө жетекчилиги көтөрүп жаткан “Жашыл мурас” демилгесин толук ишке ашырсак, табигый кырсыктардын алдын алууга жана экологиялык абалды жакшыртууга салым кошо алабыз”, — деп кошумчалады эколог.