Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров БУУда сүйлөгөн сөзүндө климаттын өзгөрүүсү дүйнөлүк көйгөйгө айланып, планетадагы орточо температура жана климатка байланыштуу өзгөчө кырдаалдар тездик менен көбөйүп жатканын белгиледи.
Өлкө башчысынын айтымында, климаттын өзгөрүшү энергетикага, айыл чарбасына, азык-түлүк коопсуздугуна жана экономикага олуттуу таасир тийгизүүдө. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, мөңгүлөрдүн эришинин таасирине өзгөчө сезимтал.
”Климаттык чакырыктарды жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн эл аралык аракеттерди бириктирүү зарыл”, - деген президент 2027-жылдын 20-23-октябрында Бишкекте ”Бишкек+25“ экинчи Глобалдык тоо саммити өтөрүн айтып, дүйнө өлкөлөрүн ага катышууга чакырды.