Садыр Жапаров: Борбор Азия чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн үлгүсүн көрсөттү

Президент 22 сентябрь 2026 23:20
Садыр Жапаров: Борбор Азия чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн үлгүсүн көрсөттү
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Борбор Азия өлкөлөрү чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү жөндөмүн дүйнө коомчулугуна көрсөтө алганын белгиледи.

Президенттин айтымында, бүгүнкү күндө Борбор Азия мамлекеттер аралык конструктивдүү кызматташтыктын, экономикалык, инфраструктуралык жана технологиялык өнүгүүнүн үлгүсү болууда.

Мамлекет башчысы Борбор Азия өлкөлөрү бул жолду басып өтүүдө топтогон тажрыйбасы менен дүйнө коомчулугу менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.