Мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоо узак мөөнөттүү өнүгүүнүн негизи – президент

Президент 8 октябрь 2026 15:35
Мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоо узак мөөнөттүү өнүгүүнүн негизи – президент
copyright icon www

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул тууралуу ал Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул аймак өлкөлөрүнүн узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсү менен ажырагыс байланышта.

"Жаратылыш ресурстарын үнөмдөө, аларды сарамжалдуу пайдалануу жана бул багытта инновацияларды колдонуу туруктуу өнүгүү жана келечек муундар үчүн зарыл", — деди мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда иш сапары менен Түркмөнстанга барды.