Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда иш сапары менен Түркмөнстанга барды.
Мамлекет башчысынын учагы Түркмөнбашы шаарындагы эл аралык аэропортко конду. Президентти Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов тосуп алды.
Аэропортто Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын жана КМШ мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуучу өлкөлөрдүн желектери илинип, килем төшөлүп, Ардак кароол ротасы тизилген.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна жана КМШ мамлекеттер башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.