Эксперт: Кыргызстан БУУнун көңүлүн өнүгүүнүн негизги маселелерине бурууда

Пикир 5 октябрь 2026 14:45
Эксперт: Кыргызстан БУУнун көңүлүн өнүгүүнүн негизги маселелерине бурууда
copyright icon WWW

Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Кыргызстан жигердүү илгерилетип жаткан тоо дипломатиясы дүйнөлүк күн тартибинде маанилүү орунду ээлейт. Дүйнө глобалдык жылуулуктун кесепеттерин буга чейин эле сезип келе жатат, бирок күчөп бараткан коркунучтарга карата көрүлүп жаткан чаралар адамзат алдында турган көйгөйлөрдүн масштабына азырынча жооп бербейт. Мындай пикирин эксперт Бактыбек Саипбаев ”Кабар“ агенттигине билдирди.

”Кыргызстан тоо экосистемаларын сактоонун зарылдыгына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн маанилүү дипломатиялык аракеттерди көрүп жатат. Маанилүү демилгелердин бири — БУУнун алкагында тоолуу аймактарды чыңдоо боюнча он жылдыкты жарыялоо сунушу.

Борбордук Азиянын мөңгүлөрү акыркы 50–60 жылда мурдагы аянтынын 30 пайызын жоготту. Бул аймакта нымдуулуктун тартыштыгы мындан ары дагы күчөй турганын билдирет. Анын үстүнө мындай шартта суунун тартыштыгы жана кургакчылык мезгилдери улам тез-тез кайталанып, узакка созулууда.

Эгер тоолор нымдуулук запастарын жоготсо, суу азырынча кар баскан чокулардан жүздөгөн, миңдеген чакырым алыстыкта жайгашкан аймактарга жетпей калат. Бул уникалдуу экосистемаларды сактоо — бүткүл адамзаттын жалпы милдети. Кыргызстан айтып жаткан негизги маселе да ушул. Өз убагында биз глобалдык Тоо саммитин биринчилерден болуп өткөрүп, тоолуу аймактарды сактоо боюнча беш жылдык демилгени көтөргөнбүз. Ал эми бир жылдан кийин Бишкек Экинчи глобалдык тоо саммитин кабыл алат.

Эми Бириккен Улуттар Уюму аркылуу тоолуу аймактарды чыңдоо боюнча он жылдыкты жарыялоо маселеси көтөрүлүп жатат. Бул багытта эбегейсиз дипломатиялык аракеттер көрүлдү. Ошону менен бирге, Бишкек БУУнун алкагында климаттык каржылоо фонду аркылуу долбоорлорду иш жүзүндө жүзөгө ашырууга жетишет деп үмүттөнөм. Дүйнөдө глобалдык жылуулук жаратып жаткан коркунучтар баарына таасир этерин түшүнүү калыптанып жатат. Бул спекуляция кыла турган тема эмес, адамзаттын келечеги ушуга байланыштуу. Бул — биздин дипломатиянын жана жалпы эле Кыргызстандын утуштуу позициясы. Көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө убакыт келди, аларды кийинкиге калтыруу мүмкүн болбойт.

Кыргызстан өнүгүүнүн негизги маселелерине көңүл бурууда. Эгер аларды биргелешип чечпесек, туюкка кептелебиз”, — деп жыйынтыктады Бактыбек Саипбаев.