Бишкек, 22.03.26 /Кабар/. Түркиянын Стамбул шаарындагы "Topkapı Türk Dünyası Kültür Mahallesi" аймагында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунан билдиришти.
Майрамдык салтанатка Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу Чыңгыз Токтобеков, Түркиядагы мекендештер жана студенттер катышты.
Программанын алкагында делегация өкүлдөрү маданий үйлөрдү жана улуттук боз үйлөрдү зыярат кылып, катышуучу өлкөлөрдүн маданияты, каада-салты жана улуттук ашканасы менен таанышышты.
Кыргызстандын улуттук боз үйүндө салттуу кол өнөрчүлүк буюмдары көргөзмөгө коюлуп, келген конокторго бешбармак, боорсок сыяктуу улуттук даамдар сунушталды. Ошондой эле иш-чара кыргыздын ыр-күүлөрү жана бийлери менен коштолду.
Башкы консулдук тарабынан атайын улуттук дасторкон жайылып, 300 кишиге ылайыкталган бешбармак даярдалып, меймандарга тартууланды.
Майрамдык программа "Ali Emiri Efendi Kültür Merkezi" маданият борборунда уюштурулган фольклордук концерт менен жыйынтыкталды.