Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги жыйынында мэр Айбек Жунушалиев коомчулуктун жана депутаттардын көптөгөн пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен "Сүрөтчүлөр үйү" үчүн жер тилкесине байланыштуу маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер тилкеси муниципалдык менчик болуп саналгандыктан, бул маселе дагы алдыда каралат. Ага чейин "Сүрөтчүлөр үйү" имараты кадимки режимде иштей берет.
Белгиленгендей, мурда "Сүрөтчүлөр үйү" үчүн Сүрөтчүлөр союзуна берилген Чүй проспектиси, 108 дарегиндеги жер тилкесин пайдалануу шарттарынын бузулушу аныкталгандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу боюнча чара көргөн.
Анда мүлк өз максатына ылайык пайдаланылбай жатканы аныкталган: имарат коммерциялык максаттарда, анын ичинде жеке нотариалдык кеңсе, автосалон, дүкөн, авиабилет кассасы жана кеңсе үчүн ижарага берилген. 2026-жылдын 23-февралында мэрия аталган жер участогун пайдаланууга берүү жөнүндө 1995-жылдын 18-декабрындагы токтомун жокко чыгарган.
Инвестицияларды тартуу, шаардык инфраструктураны комплекстүү өнүктүрүү жана борбордун бирдиктүү архитектуралык-шаар куруу көрүнүшүн түзүү максатында президенттин Иш башкармалыгынын кайрылуусу боюнча Бишкек шаардык кеңешке бул жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө токтомдун долбоору жөнөтүлгөн.