Көчмөндөр оюндары: Улуттук кураманын машыгуулары өтүүдө

Көчмөндөр оюндары-2026 21 Август 2026 17:15
copyright icon Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медиа-штабы

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. 13-августтан тартып Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Кыргызстандын улуттук спорт түрлөрү боюнча курама командасынын мүчөлөрү үчүн окуу-машыгуу жыйындары өтүп жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медиа-штабынан билдиришти.

Жыйындар 1-6-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спортчуларды сапаттуу даярдоо максатында уюштурулган.

Быйыл Кыргызстандын улуттук курама командасы өлкөнүн атынан 42 спорт түрү боюнча катышат.

Окуу-машыгуу жыйындарына ат үстүндөгү мелдештер боюнча көк бөрү, көкпар, эр эңиш жана тыйын эңмей боюнча спортчулар катышууда.

Ошондой эле улуттук күрөш түрлөрү – таяк тартыш, кол күрөш жана аркан тартыш, интеллектуалдык оюндардан тогуз коргоол, мангала жана овари боюнча спортчулар даярдык көрүүдө.

Мындан тышкары, салттуу жаа атуу, ордо жана "Салбуурун" улуттук аңчылык мелдешине катыша турган спортчулар да окуу-машыгуу жыйындарына тартылган. «Салбуурун» мелдешинде алгыр куштар жана аңчылык иттер менен мелдештер өткөрүлөт.