"Сотторго бааны эми эл берет": Медербек Сатыев судьяларга кайрылды

Коом Загрузка... 13 Март 2026 14:14
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Чүй облустук сотунун судьялары менен жолугуп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жыйындын жүрүшүндө ал сотторду жана судьяларды таза жана адилеттүү чечим чыгарууга чакырды.

"Мамлекет башчыбыз Элдик курултайда "сотторго бааны эми эл берет" деп айтты. Ошондуктан эл үчүн иштеп жатканыңыздарды дайыма эске алып, чечимдериңиздерди адилеттүү жана мыйзамдуу кабыл алышыңыздар керек. Эл сиздерден так жана сапаттуу иштерди күтөт, ал эми ар бир чечим сот системасына болгон ишенимди бекемдейт. Сот системасында чыныгы адистер, өз жумушун сүйгөн жана патриот кызматкерлер гана иштеши керек", — деди ал.