Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Күн мурун Жогорку соттун судьялары менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин жумушчу жолугушуусу өттү.
Жогорку соттон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдөгү кибер кылмыштуулуктун учурдагы абалы, интернет-алдамчылыктын негизги түрлөрү, ошондой эле санариптештирүү шартында соттор менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсү маселелери талкууланды.
ИИМдин адистери катышуучуларга Кыргызстанда эң кеңири таралган кибер кылмыштар тууралуу маалымат беришти. Алардын катарына телефон жана мессенжер аркылуу жасалган алдамчылыктар фишинг — банктык карталардын жана аккаунттардын маалыматтарын уурдоо максатында жасалма сайттарды жана шилтемелерди колдонуу, WhatsApp, Telegram жана социалдык тармактардагы аккаунттарды бузуп кирүү жана андан соң тааныштардын атынан билдирүүлөрдү жөнөтүү, ошондой эле «инвест-скамдар» — криптовалютага жана финансылык долбоорлорго жогорку киреше убада кылуу аркылуу акча каражаттарын алдоо сыяктуу көрүнүштөр кирет.
Ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарында алдамчылык үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги күчөтүлгөнү, анын ичинде кылмыш жолу менен табылган кирешелерди которуу жана накталай чыгаруу үчүн алмаштырылган жактарды пайдалануу (дропперлик) үчүн жоопкерчилик киргизилгени белгиленди. Өзгөчө көңүл криптобиржалар аркылуу акча каражаттарын адалдоого, ошондой эле кылмыштык кирешелерди жашыруу жана легалдаштыруу үчүн криптоактивдерди колдонууга байланышкан жаңы чакырыктарга бурулду.