Сот адилеттигинин ачыктыгы: Отурумдар онлайн көрсөтүлө баштайт

Коом Загрузка... 17 Январь 2026 13:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев облустук соттордун жана Бишкек шаардык сотунун төрагалары, ошондой эле Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын жетекчилери менен кеңейтилген жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде Медербек Сатыев соттордун техникалык абалы жана отурумдарды аудио-видеого милдеттүү жаздыруу талабына судьялардын даярдыгын текшерди. Катышуучулар мыйзамдагы бул өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу боюнча сунуштарын беришти.

Бул чаралар сот адилеттигинин ачыктыгын камсыздоо үчүн келечекте отурумдарды онлайн көрсөтүүгө жол ачат. Бишкектеги пилоттук долбоордон кийин, учурда бул тажрыйбаны аймактарга жайылтуу маселеси иштелип жатат.

Кеңешмеде соттордогу курулуш иштери талкууланып, Сот департаментине объектилерди тез арада баланска алуу тапшырылды.

Белгиленгендей, тапшырмаларды кечиктирген айрым аймактык башкармалыктарга карата кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.

Кеңешмеде апелляциялык соттордун ишин жакшыртуу маселеси каралды. Быйыл Жогорку соттун судьялары жардам берүүнүн жаңы форматына өтүп, соттук практиканы жалпылоону күчөтөт. Ошондой эле отчётторду берүү мөөнөтүн кыскартуу талабы коюлду.

Ошондой эле сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатуу жана сот тутумунун кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөштү күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасалды.