Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

Аймак 2 октябрь 2025 09:26
Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Бүгүн саат 09:00дө Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун Төө-Ашууда кар жаап, бороон болуп жатканына байланыштуу саат 16:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

№9 Жол тейлөө ишканасы аймакты толук көзөмөлдөп, инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзгөн.