Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Сосновка постунда саат 16:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта Төө-Ашууда бурганактап кар жаап, бороон болуп жатат.
№9 Жол тейлөө ишканасы аймакты толук көзөмөлдөп, инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.
Министрлик өлкөдөгү туруксуз аба ырайына жана 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга жана каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.