СОР31: Кыргызстан сел жана суу ташкындарын алдын ала болжолдоо системаларын сунуштайт

Экология
СОР31: Кыргызстан сел жана суу ташкындарын алдын ала болжолдоо системаларын сунуштайт

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Дүйнөлүк банк менен биргеликте БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) алкагында сел жана суу ташкындарын алдын ала болжолдоо боюнча практикалык чечимдерди сунуштайт.

Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чара 16-ноябрда саат 12:00дөн 13:00гө чейин Түркиянын Анталия шаарындагы Кыргызстандын улуттук павильонунда өтөт.

Анда Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан RESILAND CA+ долбоорунун аралык жыйынтыктары жана анын экинчи фазасын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылат.

Катышуучулар сел жана суу ташкындарын болжолдоо, эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү, санариптик инфраструктураны жакшыртуу жана коргоочу курулмаларды башкаруу маселелерин талкуулашат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Көгарт дарыясынын бассейнинде суу ташкындарын болжолдоо жана калкка эрте эскертүү системасы, контейнердик маалыматтарды иштетүү борбору, селден коргоочу объекттерди башкаруунун автоматташтырылган системасы жана чек ара аралык кооптуу жаратылыш процесстеринин онлайн-каталогу сунушталат.

Панелдик талкууда мониторинг маалыматтарын жана болжолдоолорду калкка өз убагында эскертүүдө, ошондой эле алдын алуу чараларын пландаштырууда колдонуу маселесине өзгөчө көңүл бурулат.