Кемелова: Ысык-Көлдү сактоо боюнча трасттык фонд түзүү демилгеси илгерилетилүүдө

Экология

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Анталия, 12.11.26. /Кабар/. Кыргызстан Ысык-Көлдү сактоо боюнча трасттык фонд түзүү демилгесин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алкагында илгерилетүүдө. Бул тууралуу Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциясында (COP31) Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан COP31 конференциясынын алкагында тоо маселесине арналган жогорку деңгээлдеги форум өткөрүп, анда мөңгүлөрдүн эриши, тоо экосистемаларын сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелерин көтөрдү. Иш-чарага 30дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү жана 50гө жакын эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

“Биздин тоо маселеси боюнча иш-чарабызга эл аралык уюмдардын чоң кызыгуусу бар экенин көрүп турабыз. Кыргызстан тоо маселеси гана эмес, мөңгүлөрдүн эриши боюнча маселени да көтөрүп жатат. Тоо экосистемаларын сактоо, тоолуу аймактарда жашаган калктын жашоо шартын кантип өзгөртө алабыз, климаттын өзгөрүшүнө каршы кандай иш-чараларды жүргүзөбүз деген орчундуу маселелер талкууланууда”, - деди ал.

Динара Кемелова белгилегендей, Кыргызстандын маанилүү демилгелеринин бири — президент Садыр Жапаров көтөргөн Ысык-Көлдү сактоо боюнча трасттык фонд түзүү сунушу.

“Ысык-Көл, өзүңүздөр билгендей, тоолуу көл болуп саналат. Мөңгүлөр эрип, Ысык-Көлдүн көлөмү азайып жатканы — бул чоң коңгуроо. Муну глобалдык уюмдар үчүн да олуттуу эскертүү катары кароого болот. Ошондуктан трасттык фонд түзүү боюнча иштер жүрүп жатат”, - деди атайын өкүл.

Анын маалыматына ылайык, бул демилгеге кызыкдар эл аралык уюмдар жана өлкөлөр өз салымын кошуу, биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү боюнча сунуштарын билдирип жатышат.

Ошондой эле ал жакында президент Садыр Жапаров Армениянын Ереван шаарында өткөн биоартүрдүүлүк боюнча лидерлик саммитине катышып, анда Ысык-Көлдү сактоо маселесин көтөргөнүн белгиледи. Аталган саммитте Армения тарап тоо экосистемаларын жана сууну коргоо демилгесин сунуштаган. Динара Кемелованын айтымында, бул демилге Кыргызстандын сунушу менен шайкеш келет.

“Бул демилгени БУУнун алкагында азыр көтөрүп,илгерилетип жатабыз. Буюрса, ноябрь айынын аягында биздин демилгебиз каралат. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун алкагында каралгандан кийин, кийинки жылы ушул уюмдун конференциясында талкууланат. Андан соң Бириккен Улуттар Уюмунун кароосуна алып чыгабыз”, - деди ал.

Мындан тышкары, Кыргызстандын 2028–2037-жылдарды Тоолуу аймактардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун он жылдыгы деп жарыялоо демилгесин конференциянын алкагында да көтөрүп, ага мүмкүн болушунча көп өлкөнүн колдоосун алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.