Сокулукта ойногону кетип, дайынсыз жоголгон бала табылды

Аймак Загрузка... 27 Март 2026 16:12
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Сокулукта дайынсыз болуп жаткан 9 жаштагы Нурислам Шайдуллаев табылды. Бул тууралу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин 26-мартта 2017-жылы туулган Нурислам Шайдуллаев Сокулук районунун Шопоков шаарындагы үйүнөн саат 16:00дөр чамасында велосипед тээп ойногону кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Бул окуя Сокулук РИИБге катталып, издөө иштери жүрүп жаткан.