Бишкек, 15.11.26 /Кабар/. Каракол шаарында 60 орундуу ”Эркетай” бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Бала бакчанын ачылышына Чек ара кызматынын төрагасы Данияр Сатимов катышты.
”Эркетай“ бала бакчасы үч тайпага ылайыкталып, анда 60 бала тарбиялана алат. Имаратта оюн жана окуу бөлмөлөрү, уктоочу жайлар, музыка классы жана ашкана бар. Анын курулушу 2026-жылдын апрель айында башталып, президенттин администрациясынын Иш башкармалыгынын каражатынын эсебинен жүргүзүлгөн.