Бишкек, 14.11.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров крафт пакеттерин (кагаз баштыктарды) өндүргөн ишкерди жеке кабыл алууга убада берип, анын ишмердигине колдоо көрсөтөрүн билдирди.
Бул маселе мамлекет башчынын Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун тургундары менен жолугушуусунда көтөрүлдү.
Жеке ишкер эки ай мурун кагаз баштыктарды чыгаруучу өндүрүштү ишке киргизгенин айтып, продукцияны өлкө аймактарына жайылтуу үчүн мамлекеттик колдоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле желим баштыктарды колдонууга толук тыюу салуу маселесин көтөрдү.
Президент бул багыттагы өндүрүштү өлкөнүн бардык аймактарында өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, ишкерге: ”Жеке кабыл алайын, мага жазылыңыз”, — деди.