Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Сокулукта 9 жаштагы Нурислам Шайдуллаев изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 26-мартта саат 16:00дө Шопоков шаарынын Достук көчөсү, №43 үйүнөн велосипед менен ойноп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Бул факты боюнча материал катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилери: бою 120 см, арык дене түзүлүштө, чачы күрөң, көздөрү кара. Өзгөчө белгилери жок.
Кийген кийимдери: ак футболка, көк шым.
"Эгерде Нурислам Шайдуллаевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз: 0312 60-75-67", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.