Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Сокулук районунда тиешелүү уруксат кагаздары жок башталган 8 кабаттуу турак жайдын курулушу токтотулду.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, Фрунзе көчөсү 175 дарегинде жүрүп жаткан курулушту текшерүү учурунда шаар куруу мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган.
Атап айтканда, объекттин тиешелүү уруксат берүүчү документтери алынган эмес, курулуш мамлекеттик реестрге катталбастан мыйзамсыз түрдө жер казуу иштери жүргүзүлгөн. Бул аракеттер "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамынын талаптарын бузуу болуп саналат.
"Аныкталган эреже бузуулардын негизинде курулуш жүргүзүп жаткан "Ремстрой" ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле бардык кемчиликтер толук жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду", - деп айтылат маалыматта.