Соңку 5 жылда Кыргыз милициясына 261 заманбап имарат курулду

Коом Загрузка... 21 Март 2026 16:20
1.jpeg
copyright icon ИИМ

Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Акыркы беш жылдан бери бүгүнкү имараттарды кошуп караганда Кыргыз милициясына жаркыраган, бардык мыкты шарттары бар, толугу менен санариптешкен 261 жаңы имаратты куруп, ишке бердик, – деди президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын шаарынын ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземинде.

Өлкө башчысынын айтымында, мындай имараттар шаарлардын борборлоруна гана эмес, эң алыскы тоолуу райондордон баштап, жетүүгө кыйын болгон аймактарга чейин курулду.

"Жер-жерлерде жашап жаткан карапайым калкыбыздын коопсуздугун камсыздоо баарынан маанилүү экенин эсиңиздерге бекем түйүңүздөр!", - деди президент.