Сох анклавына Өтүкчү – Апкан жолу аркылуу өтүү сунушталат

Аймак 13 август 2025 10:34
1.webp
531389046_1299822978177821_1405449917004643529_n.jpg
531962756_1299822908177828_4251278966611676063_n.jpg
532015428_1299822891511163_229311680187627323_n.jpg
532385703_1299822888177830_749854127210850520_n.jpg
Алдыга
Артка
1.webp
531389046_1299822978177821_1405449917004643529_n.jpg
531962756_1299822908177828_4251278966611676063_n.jpg
532015428_1299822891511163_229311680187627323_n.jpg
532385703_1299822888177830_749854127210850520_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 13.08.25. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Сох анклавына Өтүкчү – Апкан жолу аркылуу өтүүнү сунуштайт.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, "Өтүкчү" автожол өткөрүү пунктту убактылуу жабылганына байланыштуу бүгүн, 13-августта Чек ара кызматынын Баткен облустук башкы башкармалыгы тарабынан "Апкан" көзөмөл өткөрүү пункту калыбына келтирилип, иштей баштады.

Эске салсак, 12-августта саат 07:00 чамасында Кадамжай районунун Кайтпас – Өтүкчү жолунда Кожошкен дарыясы аркылуу өткөн "Өтүкчү" көпүрөсүндө жарака пайда болуп, жол убактылуу жабылган.

Аталган жол Өзбекстандын Сох анклавына барган негизги жол болуп саналат.
Мындан улам, жарандардын коопсуздугу үчүн Сох анклавына өтүүдө Өтүкчү – Апкан жолу аркылуу өтүү сунушталат.

Белгилей кетсек, жерине кечээ президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактияр Токсонбаев барып, тийиштүү облустук ишканалардын жетекчилиги менен кырдаалды жөнгө салуу аракеттери көрүлгөн.

Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен көпүрөөнү калыбына келтирүү аракеттери жүрүүдө.