Кайтпас – Өтүкчү жолунда жайгашкан "Өтүкчү" көпүрөсү убактылуу жабылды

Аймак Загрузка... 12 Август 2025 18:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 12.08.25 /Кабар/. Бүгүн саат 07:00 чамасында Баткендеги Кожошкен дарыясы аркылуу өткөн "Өтүкчү" көпүрөсү убактылуу жабылды. Көпүрө Кайтпас – Өтүкчү жолунда жайгашкан.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, натыйжада Баткен облусундагы Сох анклавына барган негизги жол убактылуу жабылды.

Тактап айтканда, жарака көпүрөнүн жээктериндеги тирөөчтөрдүн алдын суу жеп, чөгүп жаткандыгынын кесепетинен пайда болгон.

Министрлик жолдогу коопсуздукту сактоо максатында Сох анклавына альтернативдүү маршрут катары Өтүкчү – Апкан жолу аркылуу өтүүнү сунуштайт.

Жарандардан жана унаа ээлеринен аталган жагдайды түшүнүү менен кабыл алып, убактылуу сунушталган альтернативдик жолду колдонууга чакырабыз.