Соцконтракт: Көп балалуу эненин 100 миң сомдон башталган ийгилиги

Коом Загрузка... 06 Октябрь 2025 17:37
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан бери ишке ашып жаткан “Социалдык контракт” программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн турмушун жакшыртууга жана өз алдынча киреше табуу мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталган.

Социалдык контракт программасынын катышуучуларынын бири Токмок шаарынын тургуну Айзат Абдраева. Ал “Социалдык контракт” программасына катышып, аз убакыттын ичинде жакшы кирешеге чыга алган. “Кабар” агенттигине ишкер айым чакан ишкерлиги жана ийгилик жолу тууралуу айтып берди.

2022-жылы мен кызым кичине болгонуна байланыштуу үйдө отурчумун. 6 балабыз бар болгондуктан, ай сайын 4200 сом жөлөк пул алчумун. Азыр балдарымдын улуусу студент болуп, кичүүсү мектеп босогосун аттап калды. Ошол кезде жолдошум кырсыктап башка жакта жашап, балдарды багуу түйшүгү жалгыз менин мойнумда эле. Көп балалуу үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилет экен деп угуп, бизнес план иштеп чыгып, 2022-жылдын сентябрь айында келишим түзүп, аталган каражатты алдым.

Алгач бул каражатка бизнес планда көрсөткөнүмдөй, Токмок шаарынын борборунда жайгашкан чакан павильонго жашылча, жемиш жана жер жемиштерди коюп сата баштадым. Бир жылдын ичинде андан түшкөн каражатка үйдөн нан азыктарын жана кондитердик азыктардын түрлөрүн жасап сатууга өттүм. 50 чарчы метрлик бөлмөнү цех кылып жасап, печка сатып алдым. Аларды дүкөндөргө сүйлөшүп өткөрүп, тойлорго буйрутма ала баштадым. Учурда эки ишим тең өзүн жакшы актап жаткан убагы. Кээде жарманкелерге да катышып калып жатам.

Башында 100 миң сомду алып жатып, бул ишти баштагандан кийин алып кетишим керек деп абдан ойлондум. Күн-түн дебей 20 сааттан иштеп, 4 эле сааттан уктаган учурларым болду. Ишкерлигим бир жолго түшүп кетсе экен деп абдан аракет кылып жаттым. Балдарым кошо жардамдашып жатышты.

Үчурда үйдө 3 кыз, дүкөндө бир кыз иштейт. Ошондо жалпысынан 4 адамга айлык акы төлөйм. Өзүм болсо даяр продукцияларды базардагы кардарларга, дүкөндөргө таратам. Социалдык фонддун жана салык төлөмдөрүн төлөйм.

Бир жылдай соцфондго каражат төлөп, ошонун негизинде үй алуу максатында Мамлекеттик ипотекалык компаниясына документтерди тапшырдык. 4% пайыз менен төлөнүүчү 3 бөлмөлүү батир алганы турабыз. Жакын арада 3 жылга пайызсыз берилип жаткан 200 миң сомдук жардамды да алайын деп жатам. Бул каражатка турмуш-тиричилик техникаларын алып, цехти чоңойтоюн деген пландарым бар. Уулубуз Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине тапшырып, анын окуу акысын төлөп жатабыз.

Биз убагында 100 миң сом менен иш баштасак, учурда 150 миңден берилип жатыптыр. Бул чакан бир ишти баштап кетүүгө абдан жакшы шарт болуп саналат. Үйү жок үй-бүлөлөр салык төлөө менен МИКтен үй алса дагы болот экен. Бул дагы чоң жардам. Ушул максат үчүн дагы мен абдан тырышып, болгон күчүмдү жумшап иштедим. Көп балалуу үй-бүлөлөргө ушундай жакшы шарт түзүп берип жаткан биздин президент Садыр Жапаровго терең ыраазычылыгымды билдирем.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, үч жылдын ичинде өлкө бюджетинен 3,4 млрд сом бөлүнүп, анын негизинде 32 миң 226 үй-бүлө колдоо алган. Мындан сырткары, Дүйнөлүк банктын жардамы менен дагы 3 миң үй-бүлө программанын катышуучусу болуп, жалпысынан 35 миң 226 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлгөн.

2025-жылдын март айынан тартып төлөмдүн көлөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго жогорулап, азыркыга чейин 10 миңден ашуун үй-бүлө бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланган. Программанын катышуучуларынын 70 пайыздан ашыгы алган каражатты айыл чарба, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү тармагына жумшап, өз турмушун жакшыртууга жетишти. Ошондой эле бул каражатты ийгиликтүү ишке ашыргандарды андан ары колдоо максатында 2024-жылдан тартып мамлекеттик банктар аркылуу 3 жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя берүү программасы киргизилген.

2022-жылы республикалык бюджеттен - 292 млн сом бөлүнүп, бул каражат 2 миң 800 үй-бүлөгө берилген.

2023-жылы 1 млрд 36 млн сом бөлүнүп, 10 миң үй-бүлөгө берилген.

Ал эми, 2024-жылы 2 млрд 70 млн 300 миң сом бөлүнүп, 19 миң 426 үй-бүлө социалдык контракт алышкан.

Катышуучулардын 94%дан ашыгын — айыл жериндеги аялдар түзүп, ал эми жашоо шарты жакшырган адамдардын саны 190 миңден ашкан. Натыйжада өлкө боюнча 43 миңге жакын жаңы жумуш орундары түзүлүп, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалы кыйла жакшырган.

Ошондой эле 2025-жылы 1000 социалдык контракттын катышуучусуна пайызсыз насыя алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. 2-сентябрга карата өлкө боюнча 680 жаран пайызсыз насыя ала алган.