"Социалдык контракт" программасы өлкө башчысы тарабынан социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарды колдоо жана жакырчылыктан чыгаруу максатында түзүлгөн. Үч жылдын ичинде долбоордун аркасы менен көптөгөн үй-бүлөлөр жашоо-турмушун оңдоп, ал тургай алды миллионер болууга жетишти. Учурда программанын кезектеги этабы старт алды.
Бул мүмкүнчүлүктү пайдалангандардын бири - Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Маданият айылынын тургуну Замирбек Токтоноев. Өзү I топтогу, ал эми жубайы III топтогу майып. 2022-жылы программага катышып, 100 миң сомго 5 кой сатып алган. Учурда айыл жеринде кой чарбасын өнүктүрүп, малдын санын көбөйтүү менен алектенип жатат.

“Эки уулдун атасымын. Улуусу 9 жашта, мектеп окуучусу. Кичүү уулум 6 жашта. Социалдык контракт программасына социалдык коргоо кызматындагылардын сунушу менен катышып калганбыз. Алган каражатка кой сатып алгам. Учурда 13 баш коюм бар. Айрымдарын тиричиликке пайдаланып, сатып же союп жеп жатабыз. Үй-бүлөбүзгө жакшы жардам болууда.
Кышында күндүз бир короодо, түнкүсүн экинчи короодо кармайм. Жем-чөбүн алдын ала даярдап койгом. Убагында тоютун берип турам. Жайкысын эмдетип, дарылатып, малчыларга кошуп жайлоого жиберем”, - дейт ал.
Анын айтымында, кой чарбасы жөлөк пулдан тышкары кошумча киреше булагы болуп жатат.
“Акча керек болгондо керектүү нерселерге жумшайбыз, дары-дармек алабыз. Мындан ары да койдун санын көбөйтүп, балдарыма калтыруу ниетим бар”, - деди ал.

“Социалдык келишим” программасы 2022-жылы ишке кирген. Акыркы үч жылдын ичинде 35 миң 226 үй-бүлөгө 3 миллиард сомдон ашык каражат берилген. Катышуучулардын басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагында иш баштаса, андан кийин өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү багыттары орун алат.
2022-жылдан бери 10 жаран жылдык кирешесин 1 миллион сомго жеткирген. Программанын катышуучуларынын 90 пайыздан ашыгын айыл жергесиндеги аялдар түзөт.
2025-жылы долбоордун суммасы 150 миң сомго көтөрүлүп, 13 миң 331 үй-бүлө менен келишим түзүлгөн.

2024-жылдан баштап долбоордун ийгиликтүү катышуучуларына 3 жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя бериле баштаган. Ал бизнестин каалаган тармагына берилет, биринчи үч ай төлөм жүргүзүүнүн кереги жок. Өкмөт банк төлөмдөрү үчүн 4% кошумча чыгымды өз мойнуна алат.
Быйыл келишим түзүүнүн кезектеги этабы башталды. 150 миң сомдук каражатты 13 миң 334 үй-бүлө ала алат.

Каражат социалдык паспорту бар же “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган аз камсыз үй-бүлөлөргө берилет. Үй-бүлөдө эмгекке жөндөмдүү адам жана реалдуу бизнес-план болушу шарт. Жашыл долбоорлорго, “Бир айыл - бир продукт” демилгесине, майыптыгы бар жарандарга жана туруктуу бизнес-планы бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет. Чечимди жергиликтүү комиссия кабыл алат.