Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Социалдык контракт алууга арыздарды кабыл алуу жана кароо иштери башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Арыздар айыл өкмөттөрү же Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынат.
"Социалдык контракт" программасынын алкагында чакан бизнести ачуу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каражат алууга болот. Быйыл бул программага 13 миң 334 үй-бүлө катыша алат.
Каржылоону социалдык паспорту бар же "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган аз камсыз болгон жана жакыр жашаган үй-бүлөлөр ала алышат. Үй-бүлөдө эмгекке жөндөмдүү жана мүлктүк потенциал болушу, ошондой эле реалдуу бизнес-план түзүлүшү зарыл.
Социалдык контракт түзүүдө жашыл багыттагы долбоорлорду жана "Бир айыл – бир продукт" демилгесинин алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууну пландаган үй-бүлөлөргө, майыптуулугу бар адамдарга, ошондой эле кирешелүү жана туруктуу бизнес-планы бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет.
Социалдык контракт түзүү жөнүндө чечимди жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алдында түзүлгөн убактылуу комиссия, ал эми шаарларда — мэриянын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия кабыл алат.