Бишкек, 01.04.26 /Кабар/. Жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу максатында түзүлгөн "Социалдык контракт" программасы 2022–2025-жылдары 48 миң 557 жаран менен келишим түзгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, анын басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагында (73,3%) ишке ашырылып, ошондой эле өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү багыттарында жүргүзүлгөн.
Катышуучулардын 94,2%ын негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түзөт. Демилге аркылуу 57 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлүп, 228 миңден ашык жарандын жашоо-шарты жакшыртылууда. Ал эми алгачкылардан болуп колдоо алган айрым үй-бүлөлөрдүн жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашты.
Башында социалдык жардамдын өлчөмү 100 миң сомду түзсө, 2025-жылы 150 миң сомге чейин көбөйтүлгөн. Ошондой эле кошумча колдоо чарасы катары катышуучуларга 2024-жылдан тарта мамлекеттик банктар аркылуу 200 миң сомго чейин 3 жылдык мөөнөткө пайызсыз насыя бериле баштаган. 2024–2025-жылдары мындай насыяны 1 200дөй үй-бүлө алган.
Программанын алкагында 1 329 чакан ишкана ачылып, анын ичинен 186сы жеке ишкер катары катталып, 1 143ү патент менен иш алып барууда, ал эми 4ү жоопкерчилиги чектелген коом формасында иштейт.
2026-жылы 13 миң 334 үй-бүлө менен келишим түзүү пландалууда. Бул максатта 2 млрд сомдон ашык каражат каралган. 2026-жылдын 1-мартына карата 607 келишим түзүлүп, учурда арыздарды кабыл алуу жана катышуучуларды тандоо иштери уланууда.