Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. 2022-жылдан бери президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен "Социалдык келишим" долбоору ишке ашырылып келет. Төрт жылдын ичинде 48 557 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башкы адиси Жалын Токтосунов билдирди.
Анын айтымында, катышуучулардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт, ал эми 94,2%ы айыл жергесинде жашагандар.
"Көпчүлүк учурда социалдык жардам айыл чарбасы, өндүрүш, тейлөө чөйрөсү жана мал чарбачылыгы багыттары боюнча берилет", — деди ал.
Ошондой эле долбоордун эң башында социалдык келишим түзгөн үй-бүлөлөр туруктуу кирешеге чыга башташты. Алар ай сайын кеминде 30–35 миң сом жана андан жогору киреше алышууда.
"Биздин талдоо боюнча, быйыл жылдык кирешеси миллион сомдон ашкан 14 үй-бүлө аныкталды. Алар өздөрүн гана иш менен камсыз кылбастан, кошумча 51 миңден ашык жумуш ордун түзүштү. Бүгүнкү күндө бул программанын алкагында 203 миңден ашык жарандын жашоо шарты жакшырды", — деп кошумчалады Токтосунов.