Өлкөнүн мамлекеттик деңгээлдеги негизги майрамдары акыркы жылдары кезеги менен аймактарда белгиленип келет. Бул демилге аймактарга көбүрөөк көңүл буруу, алардын өнүгүүсүнө шарт түзүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталган. Президент Садыр Жапаров мындай иш-чараларда аймактарды өнүктүрүү, элдин жашоо шартын жакшыртуу жана көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча негизги багыттарды белгилеп келет.
Акыркы жылдары мамлекеттик деңгээлдеги майрамдар өткөн аймактарда социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулуп, бир катар ири долбоорлор ишке ашырылды. Ар бир аймакта ошол жердин өзгөчөлүгүнө жараша өнүгүү багыттары аныкталып, жаңы объекттер пайдаланууга берилди.
Талас облусунун даярдыгы кандай?
Быйылкы жылы эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы Талас облусунда белгиленүү алдында турат. 31-августта Бишкекте ШКУ саммити өтүп, “Бишкек Арена” ачылып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына старт берилгендиктен, негизги майрам 11-12-сентябрларда белгиленмей болууда.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев “Кабар” агенттигине эгемендүүлүккө карата аймакта аткарылып жаткан даярдык иштери жана майрамга чейин ишке ашырыла турган долбоорлор тууралуу айтып берди.
Анын маалыматына караганда, облуста социалдык, инфраструктуралык, туристтик жана кайра иштетүү тармагындагы долбоорлор ишке ашырылууда.
“Быйыл президенттин тапшырмасы менен өлкөнүн маанилүү майрамы Талас жергесинде белгиленет. Былтыртан тарта эле облуста иш-чараны өткөрүүгө карата бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатат. Облусту өнүктүрүүнүн стратегиясынын алкагында 11 млрд сомдон ашыгыраак акча каражатына курулуш иштери жүрүүдө. Алар 31-августка чейин толук кандуу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.
Талас облусунун тарыхында Талас мамлекеттик университенин базасында алгач ирет аянты 5600 чарчы метрди түзгөн окуу имараттары курулуп жатат. “Акылман” президенттик лицейи, ондогон мектеп жана бала бакчалар салынууда. Учурда алардын акыркы баскычтагы иштери жасалып жатат.
Андан сырткары, төө буурчакты, жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү завод курулууда. Булар дагы майрамдын алкагында колдонууга берилет.

Талас районунда "Манас Ордо" тарыхый-маданий комплекси толук кайра салынып жатат. Айтматов районунда "Айтматов Ааламы" маданий-мемориалдык комплексинин курулуш иштери жүрүп жатат. Алардын катарында “Беш-Таш” эс алуу борбору жана “Баластан” балдарды өнүктүрүү борборлору бар.
Инфраструктуралык долбоорлордун алкагында жол курулуштары, оңдоп-түзөө, жол чырактарды орнотуу иштери жасалууда. Алардын катарында "Айтматов Ааламы" комплексине алып баруучу 26 чакырым, "Манас Ордого" 6 чакырым, “Беш-Таш” эс алуу борборунда 17 чакырым жол жасалып, Талас шаарынын ичинде 35 чакырым жол толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Буларга 2 млрд сомго жакын каражат жумшалды.
Андан сырткары, Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун 93 чакырымы, Талас менен Бакай-Ата районунун айылдар аралык 200 чакырым жолу жасалууда. Быйыл жол куруу иштеринин дээрлик 80%ы аягына чыгарылат.
Талас шаарынын ичинде тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”,-деди облус башчысы.

Жалал-Абад: 34 социалдык объект жана жаңы өндүрүш долбоорлору
Ал эми былтыркы жылы эгемендүүлүк күнү мамлекеттик деңгээлде Жалал-Абад облусунда белгиленген. Майрамды утурлай облуста бир катар социалдык жана инфраструктуралык объекттер пайдаланууга берилди.
Жалпысынан 34 социалдык объект ачылып, алардын арасында 15 жаңы мектеп, 2 бала бакча, 100 орундуу Перинаталдык борбор, медициналык мекемелердин жаңы имараттары, мамлекеттик органдардын жаңы административдик имараттары, Бокс академиясы жана №14 мектептин 700 орундуу кошумча окуу корпусу болду. Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания курган “Асман Резиденс-2” жана “Асман Резиденс-3” турак жай комплекстери пайдаланууга берилди.
Майрамдын алкагында өндүрүш тармагында да бир катар долбоорлор ишке кирди. Алардын ичинде тоо-кен, энергетика, айыл чарба, логистика жана курулуш тармактарындагы жаңы ишканалар бар. Ошондой эле тамак-аш өнөр жайындагы өндүрүштөр кеңейтилип, Токтогул шаарындагы стадион капиталдык оңдоодон кийин кайра пайдаланууга берилди.

Баткен: чек ара маселесинен өнүгүү багытына чейин
2022-жылы мамлекеттик деңгээлдеги Нооруз майрамы Баткен облусунда өткөн. Анда президент Садыр Жапаров чек ара маселесине токтолуп, бул көйгөйдү кийинки муундарга калтырбай чечүү зарылдыгын белгилеген.
Андан бери чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр уланып, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бир катар маанилүү макулдашууларга жетишилди. Бул чек ара аймактарындагы коопсуздукту бекемдөөгө шарт түздү. Ошол эле учурда Баткенде жолдор, турак жайлар жана социалдык объекттер курулуп, аймакты өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор ишке ашырылып жатат.
Ош: тарыхый шаардагы жаңы өзгөрүүлөр
2025-жылы Нооруз майрамы Ош облусунда белгиленди. Президент майрамдык иш-чарада Ош шаарынын Улуу Жибек жолундагы тарыхый ордун белгилеп, байыркы шаар бүгүн да маданияттын, сооданын жана эл аралык байланыштардын борбору катары өнүгүп жатканын айткан.

Ош облусунда бул мезгилде бир катар социалдык долбоорлор ишке ашырылды. Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө башчысы Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы №11 мектепти ачып, өлкө боюнча 100дөн ашуун социалдык объекттин ишке киришине старт берген. Мындан тышкары, мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо жана маданий объекттер курулуп, жолдор, таза суу жана ирригациялык системалар жаңыланды.
Нарын: экономикалык өсүш жана ири долбоорлор
2026-жылы Нооруз майрамы Нарын шаарында белгиленип, анда аймактын акыркы жылдардагы өнүгүүсүнө көңүл бурулду. 2020–2025-жылдары Нарын облусунун ички дүң продукциясы 18 млрд сомдон 40 млрд сомго жетип, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 5,7 эсеге өскөн. Бул аралыкта 100дөн ашуун жаңы ишкана ачылып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берилди.
Соңку беш жылда мектеп, бала бакча, оорукана сыяктуу социалдык объекттер пайдаланууга берилген. Курулуш, жол, ирригация жана таза суу тармактарында ири долбоорлор ишке ашырылып, Нарын аэропорту кайра ишке кирип, аба каттамдары жанданды.

Бүгүнкү күндө Нарындын экономикасын өнүктүрүүдө айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, энергетика жана транспорттук долбоорлор негизги багыттардын бири болуп саналат. Аймактын агрардык жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча иштер уланууда.
Эксперт аймактарда өнүгүү динамикасы жогорулаганын белгилейт
Экономист Кубан Чороев “Кабар” агенттигине акыркы төрт-беш жылда аймактардын өнүгүүсүндө оң динамика ачык байкалып жатканын билдирди.

Экономисттин айтымында, акыркы жылдары аймактардын өнүгүүсүнө инвестициялардын көбөйүшү жана ири инфраструктуралык долбоорлор түрткү берүүдө.
“Биринчиден жалпы экономикалык фон буга шарт түзүп жатат. 2026-жылдын биринчи кварталында ИДӨ 10,1%га өстү. Ал эми ЕАЭБдин баасы боюнча 2026-жылдын жыйынтыгы менен өсүш 10,2%ды түзөрү күтүлүүдө. Бул аймакта эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Мындай өсүш Бишкек менен гана чектелбей, курулуш, өнөр жай жана айыл чарба аркылуу облустарга да таралып жатат.
Экинчиден, инвестициялык агым аймактарга бурулду. 2025-жылы 12 жылдан берки эң чоң көлөмдөгү — 980 млн долларга жакын суверендүү каржылоо тартылып, инвестициялардын 80%дан ашыгы транспортко, энергетикага жана турак жайга багытталды. Камбар-Ата ГЭСи, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, аймактык жолдор - булар аймактарда ишке ашуучу долбоорлор. Баткен облусунда чек ара маселеси чечилгенден кийин инвестициялык жагымдуулук өзгөчө жогорулады. Аймактар мурдагыдай "унутулган" эмес, өнүгүүнүн активдүү катышуучусуна айланып жатат”,-деди эксперт.
Ошондой эле Чороев аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын логикасы системалуу боло баштаганын белгилейт.
“ 2025–2030-жылдарга региондордо өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасы бекитилди. Бул ар бир облуста экономикалык активдүүлүктү тартуучу "локомотив" шаарларды өнүктүрүү дегенди билдирет. Мындан тышкары, инвестициялык долбоорлорду "бирдиктүү терезе" принциби боюнча коштоо системасы киргизилип жатат, ал эми акыркы үч жылда 12,4 млрд долларга 77 инвестициялык келишим түзүлдү”,-деп жыйынтыктады ал.