Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Нарын облусунда Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүнө арналган конференция өтүп, анда аймакты органикалык аймакка айландыруу боюнча 5 жылдык программаны ишке ашыруу маселеси талкууланды.
Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, иш-чаранын алкагында азык-түлүк жарманкеси да өттү.
Конференцияга Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Жанаркан Бакирова, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев, акимдердин биринчи орун басарлары жана айыл өкмөт башчылары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Нарын облусун органикалык аймакка айландыруу боюнча этап-этабы менен аткарылуучу иштер аныкталып, алдыдагы иш-чараларды пландоо маселелери каралды.
Жыйынтыгында аткарылган иштерди эске алуу менен Нарын облусун органикалык аймакка айландыруу боюнча 5 жылдык программаны бекитүү маселеси каралды.
“Учурда Нарын облусунда органикалык өндүрүшкө тартылган жалпы аянт 45 миң 962 гектарды түзөт. Аймакта 7 органикалык аймак жана 35 пилоттук чарба иш алып барууда”,-деп айтылат маалыматта.