Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Нарын районундагы үч айыл өкмөтү жаңы атайын техникалар менен камсыз болду.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, техникаларды 3-ноябрда облус башчысы Нурбек Сатаров тапшырды.
"Дайракунов айыл өкмөтүнө "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун эсебинен чиркегичи бар FAW үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, Чет-Нура айыл өкмөтүнө райондук өнүктүрүү фондунан KASUN ST1304 көп функционалдуу айыл чарба техникасы берилди. Ал эми Миң-Булак айыл өкмөтүнө жергиликтүү өнүктүрүү фондунун эсебинен KASUN 1104 үлгүсүндөгү трактор тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.
Облус башчысы техникаларды айылдардын муктаждыктарына натыйжалуу пайдалануу жана техникалык абалын талаптагыдай сактоо боюнча жетекчилерге тапшырма берди.