Ошто Абдыкадыров көчөсү кеңейтилүүдө

Аймак 18 сентябрь 2026 15:40
Ошто Абдыкадыров көчөсү кеңейтилүүдө
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Ош шаарында Р. Абдыкадыров көчөсүн кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган көчө Б. Осмонов көчөсүнө чыгат. Кеңейтүү иштерине байланыштуу жолдун долбооруна кирген жеке менчик үйлөр буздурулууда.

Ага ылайык, турак жай ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, мыйзамга ылайык тиешелүү компенсациялар толук төлөнүп берилет.

“Учурда Ош шаарында бир нече көчөдө жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери параллелдүү жүргүзүлүүдө. Алардын айрымдары акыркы айда пайдаланууга берилди”, - деп айтылат маалыматта.