Социалдык контракттын жаңы жол-жоболору иштелип чыгууда - министр

Коом Загрузка... 16 Октябрь 2025 12:10
WhatsApp Image 2025-10-16 at 12.07.36.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Социалдык контракттын жаңы ыңгайлуу жол-жоболорун иштеп чыгуунун үстүндө иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев бүгүн социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, буга чейин социалдык контракт долбоору ийгиликтүү ишке ашып, анын негизинде каржылык жардам алган жарандар арасында кирешесин миллиондогон суммаларга жеткиргендер да болгон.

"Ошондуктан бул долбоорду дагы да ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу максатында жаңы жол-жоболорду иштеп чыгып жатабыз. Мындан тышкары, министрлик социалдык кызматкерлер үчүн да шарттарды жакшыртуу боюнча иш алып барууда. Кызматкерлердин айлык маянасы жогорулатылып, иштөө шарттары жакшыртылууда. Унаалар менен камсыздалып, кызматкерлердин саны көбөйтүлүп жатат", - деп белгиледи министр.