Эмгек министрлиги: Быйыл 25 391 жаңы жумуш оруну түзүлдү

Коом Загрузка... 29 Декабрь 2025 17:25
IMG-20251229-WA0063.jpg
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Ушул жылы социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, 150 миң сомдон 13 331 жаран менен социалдык контракт түзүлдү. Анын алкагында 13 964 жаңы жумуш орундар түзүлүп, 90 пайызын айыл жеринде жашаган аялдар түздү.

Социалдык контракттын катышуучулары бизнес долбоорлорун төмөнкү тармактарда ишке ашырууда:

  • айыл-чарба багыты - 77,7%;
  • кызмат көрсөтүү багыты – 8,9%;
  • өндүрүш багыты – 7,3%;
  • соода-сатык тармагы – 6,1%.

Ошондой эле социалдык контракттын катышуучулары бекитилген бизнес-планга ылайык ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн 3 жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя алышууда.

2025-жылы республика боюнча 1 101 социалдык контракттын катышуучусу бизнес багыттарын өркүндөтүү максатында пайызсыз насыя алышты.

Ошону менен бирге региондордун социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында уюштурулган коомдук акы төлөнүүчү жумуштардын алкагында 10 716 жана жеке ассистент кызматынын негизинде 711 жаңы жумуш орундары түзүлдү.