Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь айында Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына жалпы 1012 кайрылуу келип түшкөн.
Фонддон билдиришкендей, анын ичинде:
- ишеним телефону аркылуу — 550;
- уюлдук ишеним телефонуна — 335;
- оозеки кайрылуулар — 80;
- жазуу түрүндө — 37;
- жетекчиликтин кабыл алуусунда — 10 жаран.
Элди эң көп пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу, индексациялоо, туура эсептөө жана топтоо бөлүгүн алуу боюнча суроолор кызыктырган.
Бардык суроолор боюнча адистер мамлекеттик жана расмий тилдерде толук жооп беришти.