Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. 2-июндан 7-июнга чейин Соң-Көлдө экологиялык абалды жакшыртуу жана балык ресурстарын сактоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, рейдди "Соң-Көл балык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жүргүзүштү.
Иш-чаранын алкагында көлдүн акваториясында мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлорду аныктоо жана тазалоо иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан болжол менен 1200 метрди түзгөн мыйзамсыз торлор чыгарылды.
Аталган иш-чаралар Соң-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, биологиялык ресурстарын коргоого жана көлдүн мелиоративдик абалын калыбына келтирүүгө багытталган.