Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Бүгүн, 9-июлда Бишкектеги Үсөнбаев көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармагын кайра төшөө үчүн пландык оңдоо иштери башталат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдун жогоруда аталган бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Диаметри 273 мм болгон бул жылуулук тармагы 1979-жылы ишке киргизилген, 46 жыл иштегенден кийин тармак өзүнүн стандарттык кызмат мөөнөтүн толук түгөтүп, тез арада алмаштырууну талап кылат.
Бишкек мэриясы” жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүн болсо коомдук транспорт менен жүрүүнү суранат.