Сүлүктүдөгү "Белес-Резорт" туристтик комплекси августта ишке кирет

Аймак 427 22 Июнь 2026 11:50
727286051_1550575936435856_2031629349305944597_n (1).jpg
727083398_1550576179769165_1329543362385631141_n (1).jpg
725838329_2034752694098127_8169060204341562985_n.jpg
727457752_1524369455760733_3489028729412953395_n (1).jpg
729791091_1517603799826314_2874529878391641538_n.jpg
727457752_1524369455760733_3489028729412953395_n.jpg
730153370_961804100193148_2792055441726459_n.jpg
727542561_1550576239769159_1558112002417509182_n.jpg
728893224_1550576129769170_1132771777581302632_n.jpg
727551134_1550576286435821_3605916489676190669_n.jpg
729115545_1550576046435845_5655625289427473337_n.jpg
726575912_1550575923102524_577387233682571887_n.jpg
727641664_1550575863102530_4991384316202348566_n.jpg
726576185_1550576026435847_8786450016447083478_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Сүлүктү шаарына караштуу Белес капчыгайында курулуп жаткан "Белес-Резорт" туристтик комплексинин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү, ошондой эле пайдаланууга берилгенден кийин муниципалдык объектти максаттуу жана натыйжалуу иштетүү маанилүү экенин белгиледи.

Анын айтымында, туристтик комплекстин туруктуу киреше алып келген, өзүн-өзү каржылай алган заманбап ишканага айланышы негизги максаттардын бири болуп саналат.

Долбоор Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда. Бул максатка республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 120 млн сом каржыланып, жергиликтүү бюджеттен кошумча 4 млн сом бөлүнгөн.

Заманбап туристтик комплексте эс алуучуларды жана туристтерди кабыл алуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүдө. Анда эс алуучуларды жайгаштыруу жайлары, тамактануу жана эс алуу аймактары, ошондой эле спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылган инфраструктура каралган.

Объектти пайдаланууга берүү 2026-жылдын август айына пландалууда. Комплекс бир мезгилде 100–150 адамды кабыл алууга ылайыкталган.