Жумгалда көмүрдүн баасы 3100 сомдон башталып, жол киреге жараша өзгөрөт

Коом Загрузка... 26 Декабрь 2025 17:28

Бишкек, 26.12.25 /Кабар/. Жумгалда бүгүнкү күндө көмүрдүн баасы эң жакынкы аймактарда 3 100 сомду түзөт, ал эми ар бир чакырымга жараша кошулган жеткирүү акысы менен орточо 3 900 сомго чейин жетет. Бул тууралуу “Кара-Кече” филиалынын директору Талант Скандербеков “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жумгал районунда 2025–2026-жылдардагы кыш мезгилине карата көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо иштери жүрүп жатат.

“Жумгал району боюнча жалпы 21 социалдык топ база ачылды. Көмүр Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бекитилген баада гана чыгарылат. Көмүр баасына ар бир айылдын аралыгына жараша жол киреси кошулат. Андан тышкары кошумча каражат алынбайт. Бардык айылдар кыш бүткөнгө чейин көмүр менен камсыздалат”, - деди Скандербеков.

Эске салсак, бүгүн IV Элдик курултайдын жүрүшүндө Жумгал районунан келген делегат тургундардын талаптарын айткан. Ал көмүр алардын жеринде казылып жаткандыктан, район тургундарына аны жарым баасында сатууну суранышканын белгиледи.