Сүйүнбек Касмамбетов “Манас” эпосунан үзүндү айтып, элдин назарын бурду

Коом Загрузка... 05 Декабрь 2025 12:00

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Мамлекеттик ишмер Сүйүнбек Касмамбетов “Манас” эпосунан үзүндү айтып, элдин назарын бурду. Видео Кыргыз улуттук “Манас” театрынын фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланган.

Күн мурун Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Манас” эпосунун күнүнө карата өткөрүлүп жаткан салтанаттуу иш-чарада Сүйүнбек Касмамбетов “Манас” эпосунан үзүндү айтып, залдагы элдин көңүлүн бурган.

Мында Касмамбетов “Семетей” эпосунун башкы каармандарынын бири Алмамбеттин баласы, Семетейдин чоросу Күлчоро тууралуу эпостон үзүндү айтып, элдин бүйүрүн кызыткан.

Бул видео социалдык тармактын колдонуучуларын таасирлентип, жакшы пикирлерин калтырышууда.