Синтетикалык баңгизатка байланган өмүрлөр. Реабилитациялык борборлор канчалык жардам бере алат?

Коом Загрузка... 23 Апрель 2025 15:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күндө бангизаттардан көз каранды болгон адамдардын саны дүйнө жүзүндө көбөйүүдө. Кыргызстан да бул көйгөйдөн четте калган жок. Аталган заттардын эң коркунучтуу өзгөчөлүгү - алардын жеткиликтүүлүгү, баасыныy арзандыгы жана тез арада көз карандылык жараткандыгы болууда.

Синтетикалык бангизаттардын таралышында интернеттин ролу да абдан чоң. Алар көбүнчө онлайн сатылып, жашыруун жерлерге сакталып, андан соң кардарларга жеткирилет. Бул ыкма сатуучуларды аныктоону жана кылтакка түшүрүүнү кыйындатат. Синтетикалык бангизаттардын таралышы коомдук саламаттыкты сактоо үчүн чоң коркунуч туудурат. Аталган заттардын күчтүү таасири жана көз карандылык жараткан касиети адамдардын ден соолугуна олуттуу зыян келтирүүдө.

Муну менен катар алардын кеңири таралышы коомдук коопсуздукка жана экономикалык туруктуулукка терс таасирин тийгизет.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн, коомчулукта маалымат берүү иштерин күчөтүү, жаштар арасында алдын алуу программаларын ишке ашыруу зарыл.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алдын алуу жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Усенов белгилегендей, синтетикалык баңгизаттарды бир колдонуудан эле көз карандылык жаралат. Учурдагы синтетикалык заттардын эң негизги терс таасири адамдын психикалык жактан жабыркатуу.

“Синтетикалык баңгизаттар 100% химиялык кошулмалардан турат жана алардын синтезинен пайда болгон заттар. Биздин организмге химиялык заттар киргенде сөзсүз түрдө оор кесепеттерге алып келет. Учурда биз алдын алуу максатында мектеп окуучуларына, студенттерге синтетикалык баңгизаттардын зыяндуулугу жөнүндө, баңги кылмышы менен алектенсе 14 жаштан кылмыш жаза жоокерчилигине тартылары, эгерде баңгизат сата турган болсо 282-беренеге ылайык 5 жылдан 15 жылга чейин темир тор артына отуруп калары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Тилекке каршы, акыркы үч жылда мектеп окуучуларынан арасында баңги кылмышы менен алектенгендердин саны өсүүдө. 2022-жылы 4, 2023-жылы 9, 2024-жылы 17, ал эми жыл башынан бери 6 жаш өспүрүм ИИМ тарабынан аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлдү.Ушул жылдын 3 айында республиканын ар бир аймагында жалпы 815 түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүздүк. Балдардын мындай жолго баруусуна биринчи кезекте ата-энелердин балдарды көзөмөлгө албоосу болууда. Алардын басымдуу бөлүгү ата-энелери миграцияда болуп, чоң ата, чоң-энесинин же туугандарынын колунда оңой акча табуу жолуна түшүп алган балдар”,-деди ал.

Эксперттердин айтымында, коомду, үй-бүлөнү жана келечекти унуттуруп, адамды азапка, жалгыздыкка, оорууга жана акыры өлүмгө жетелеген бул коркунуч менен күрөшүүдө реабилитациялык борборлор негизги ролду ойнойт. Бул борборлор жабыркагандар үчүн кайрадан жашоого кайтуунун, коомго адаптация болуунун жана ден-соолугун калыбына келтирүүнүн бирден-бир жолу болуп саналат.

Усенов белгилегендей, бүгүнкү күндө тилекке каршы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан атайын реаблитациялык борборлор жок.

“Болгону наркологиялык жана психиатрия бөлүмү бар. Булар детокс терапия гана кылып келишет. Алар синтетикалык баңгизат менен жабыркаган адамды убактылуу эле дарылай алышат. Учурда республика боюнча 15 жеке реаблитациалык борбор бар. Бирок булар жеке борборлор болгондуктан, ал жакта жарандар кандай ыкма менен дарыланып жатышат же толугу менен айыгып жатышабы деген суроолорго жооп ала албайбыз. Аталган борборлордо баңги менен жабыркагандар 70 миң сомдон 100 миң сомго чейин дарыланышат. Мындай каражат ар бир эле адамда боло бербейт. Капчыгы жукалар дарылана албай, кайрадан эле синтетикалык баңгизатка көз каранды болуп жүрө беришет. Эгерде бул борборлор мамлекеттик болуп түзүлсө, мамлекеттик саясат жүргүзүлмөк жана Саламаттык сактоо министрлигинде баңги кырдаалы боюнча маалымат болмок. Ага ылайык, Ички иштер министрлиги дагы тагыраак маалымат алып бармакпыз. Ал эми карапайым адамдар толугу менен дарыланып чыгышмак”,-деди ал.

Ал эми Республикалык наркология жана психиатрия бөлүмүнүн директорунун орун басары Жылдыз Бакирова билдиргендей, буга чейин реабилитациялык борбор болгон, бирок учурда жок. Айрым себептерге байланыштуу ал борбор жабылып калган. Бүгүнкү күндө мындай борборлорго муктаждык чоң.

“Учурда борбор каалада жеке менчик реабилитациялык борборлор иш алып барууда. Аталган борборлор реабилитациялык борбор деп жазылбайт. Алар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн “Коомдук фонд” катары алып барышат. Мамлекет албетте бул жаатта фонддордун ишмердүүлүгүн көзөмөлгө ала албайт. Бул борборлордун ишмердүүлүгү коомдо бангизаттарга каршы күрөшүүдө маанилүү роль ойнойт. Ошентсе да, мамлекеттик деңгээлде реабилитациялык борборлорду түзүү жана алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарыл. Реабилитациялык борборлордун жетишсиздиги жана алардын кызматтарынын кымбаттыгы бангизаттар менен күрөшүүдө чоң тоскоолдук болууда. Мамлекеттик деңгээлде бул маселени чечүү үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп, жабыркагандарга жардам көрсөтүү системасы жакшыртылышы керек.

Реабилитациялык борборлордун негизги максаты - адамды физикалык, психикалык жана социалдык жактан калыбына келтирүү. Алар төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзүшөт:

- Медициналык жардам. Детоксикация, организмден наркотик калдыктарын чыгаруу, дары-дармек менен дарылоо;

- Психологиялык колдоо. Психолог жана психотерапевттер менен иштөө, көз карандылыктын себептерин түшүнүү жана андан арылуу;

- Коомдук адаптация. Эмгекке кайрадан кайтып келүү жана жаңы көндүмдөрдү үйрөтүү, коомго кайтаруу.

Бангизат колдонгон адамга коом көбүнчө жашоого болгон үмүтү жок адам катары каралат. Бирок реабилитациялык борборлор мындай адамдарга экинчи мүмкүнчүлүк берет. Борбордо үмүтүн үзүп жашоодон баш тарткан адамдарга үмүт, күч жана жаңы максат тартуулайт”,-деди ал.

Белгилей кетсек, Республикалык наркология жана психиатрия бөлүмүндө 2025-жылдын 1-январына карата расмий түрдө республика боюнча 28 миң 820 адам алкоголго, ал эми 6 миң 668 адам баңгизатка көз каранды болуп катталган. Ал эми наркологиялык стационарда дарылангандардын саны өткөн жылы 10 миң 081 бейтапты түзгөн.