Бишкек, 14.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 14-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Абанын температурасы Чүй облусунда +32...+37, Талас облусунда +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл, Нарын облустарында +22...+27 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын табы +34...+36 градус болушу күтүлөт.